Кыргызстанда тамекинин баасы кымбаттайт

Кыргызстанда тамекинин баасы кымбаттайт

Министрлер кабинетинин 4-ноябрдагы токтому менен тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене баалар белгиленди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Минималдуу чекене баанын жогорулашы тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнү кыскартып, калктын саламаттыгына оң таасирин тийгизет.

Токтомго ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып акциздик товарлардын төмөнкү түрлөрүнө минималдуу чекене баалар киргизилет:

– чыпкалуу жана чыпкасыз тамекилер – 20 даана тамеки үчүн 100 сом. Учурдагы баасы – 20 даанасы үчүн 90 сом;

– цилиндр формасындагы ысытуучу тамекиси бар заттар (ысытуучу тамеки таякчасы (стик), тамекиси бар ысытуучу капсула) – 20 даана үчүн 100 сом;

– бир корпустагы никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку колдонулуучу электрондук системасы – 1 бирдик үчүн 250 сом. Бул сумма 2024-жылдын 1-январынан тартып 300 сомду түзөт;

– электрондук тамекилер жана буга окшош жеке электр буулантуучу түзүлүштөр (никотин жеткирүүнүн электрондук системасы) – 1 бирдик үчүн 1300 сом. Бул сумма 2024-жылдын 1-январынан тартып 100 сомго көбөйөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>