Москвада кыргызстандык таксистти өлтүрүп кетишти. Шектүү кармалды

Москвада кыргызстандык таксистти өлтүрүп кетишти. Шектүү кармалды

Москва шаарынын батышында таксистти өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Москва шаарынын тергөө комитетинин сайтында жарыяланды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Москва шаарынын Эльнинская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунан такси унаасынын ичинен 1972-жылы туулган айдоочунун жансыз денеси табылган. Анын асфиксия (муунтулган) түрүндөгү зомбулуктан каза болгону аныкталган.

Окуя болгон жерге Кунцевский райондор аралык тергөө бөлүмүнүн адистери келип, Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин биринчи бөлүгү «Киши өлтүрүү» боюнча кылмыш ишин козгогон.

“Тергөөчүлөр менен кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин биргелешкен ишинин аркасында Москванын батышында таксистти өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды.Анын жанынан жабырлануучунун банк картасы табылган”, — деп айтылат маалыматта.  

“360” басылмасы өздүк булактарына шилтеме берип билдиргендей, маркум Кыргызстандын Ош облусунда туулган.

Маркумдун артында жубайы жана үч баласы калды. Аялынын айтымында, күйөөсү мурда автобустун айдоочусу болуп иштеген. Сентябрь айында таксиге которулган. Алар Москвага Кыргызстандан көчүп келишкен.

Шектүү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Москва

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>