Кыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатса болот

Кыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатса болот

Кыргызстанда автомашинанын алдыңкы айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүчү долбоор жактырылды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 14-январда билдиргендей, машинанын алдыңкы эшиктеринин айнегин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүү каралган мыйзамды өзгөртүү долбоору колдоо тапты.

Төлөмдүн өлчөмүн жана төлөө тартибин мыйзам күчүнө киргенден кийин Министрлер кабинети аныктай турганы белгилүү болду.

Уруксат берүү демилгесин Экономика жана коммерция министрлиги көтөрүп чыккан. Министрлик белгилегендей, айнекти караңгылатууга тыюу эрежеси иштебей келет жана рейд учурунда андай машиналар көп кармалууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу башкармалыктын маалыматына караганда, 2021-жылдын 11 айында алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып алган айдоочуларга карата жалпысынан 2,5 миңдей протокол түзүлгөн.

Өлкөдө автомашинанын алдыңкы айнегин жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. Эрежени бузгандарга 5,5 миң сом айыппул салынат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>