Кыргызстанда үч миллионунчу биометрикалык паспорт берилди

Кыргызстанда үч миллионунчу биометрикалык паспорт берилди

Бүгүн №2 Калкты тейлөө борборунда үч миллионунчу элД картасын КР санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Эркимбек уулу Адилет үч миллионунчу алуучу болду. Паспорт ээси мындай күтүүсүз окуяга кубанганын белгиледи, анткени. бул анын биринчи паспорту жана каттоо процесси абдан тез жана ыңгайлуу болгонун белгиледи.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Бишкектеги No2 калкты тейлөө борборунун ишинин жүрүшү менен таанышты. Калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып жатып, министр Талантбек Иманов жарандарга мамлекеттик кызматтарды алууда ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргызстанда биометрикалык идентификациялык карталарды киргизүү 2017-жылдын 1-майынан тарта башталган. Бүгүнкү күндө 3 миллион ID-карта персоналдаштырылды, анын жарым миллионго жакыны биринчи жылы бекер берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>