Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Жапаров Өзбекстандын Тышкы иштер министри менен кездешти
03.11.2022 | 18:49
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Өзбекстандын Тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды. Ар тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат