Кыргызстанда жайдын акыркы жумасында аба ырайы кандай болот?

Кыргызстанда жайдын акыркы жумасында аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидромет борбору 26-августтан 1-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй облусунда

26-августта түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде күн күркүрөшү күтүлөт.

27-28-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-30-31-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Бишкек шаарында

26-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 27-31-августта жана 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Талас облусунда

26-27-28-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-31-августта жана 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош облусунда

26-27- 28-29-августта түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-августта жана 1-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жалал-Абад облусунда

26-27-28-августа түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-30-31-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Баткен облусунда

Бир жума аралыгында облуста түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусунда

26-27-августта түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 27-августа күндүз жана 28-августта жаан-чачын күтүлбөйт. 29-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

30-31-августта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусунда

26-августа айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 27-28-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-29-августта күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

30-31-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>