Бишкекте кышкы мезгилге карата 190 орундуу баш калкалоочу жайлар ачылдыАла-Арчада жоголгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү тоңгон абалда табылдыКыргызстанда «Мыкты мектеп ашпозчусу» сынагы өтүүдөСалык кызматы ишкерлерди товарларын жаңы каталог менен салыштырууга чакырдыПайдубалы курулуп бүтө элек үйлөрдү жарнамалаган эки компания лицензиясынан ажырадыКыргызстандыктар Сейшел аралдарына 30 күнгө визасыз бара алышат
Таласта жүк ташуучу унаа өрттөнүп, үч адам жабыркады
26.08.2022 | 09:09
Таласта оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп, үч адам жаракат алды. Бул тууралууӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында оор жүк ташуучу унаанын 10 дөңгөлөгү жана кабинасы күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган М.Р, 1988-жылы туулган У.М, 1990-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандар жеңил жаракат алышып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.
Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом