Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын 30% сырттан келгендер

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын 30% сырттан келгендер

Жалпы чет мамлекеттерден келген 450 кыргызстандыктан  коронавирус аныкталган. Бул жалпы ооруга чалдыккандардын 32% түзөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 28-майдагы берген маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус илдети менен катталган 1594 адамдын 450сү чет өлкөлөрдөн кайтып келгендер. Алардын басымдуу бөлүгү  — Орусиядан келгендер.

“Бүгүнкү күндө, вирустун сырттан кирген учурларын убагында аныктап, дарылоо үчүн эпидсистема иштелип чыккан. Ооругандар менен байланышта болгондордун саны такталып алынган жана жарандар обсервациядан чыккан учурда карантиндик чаралардын так аткарылышын жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алган, аларда жарандардын толук тизмеси жана маалыматтары бар”, — деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>