Кыргызстанда жамгыр, кар жаайт. Дем алышка карата аба ырайы  

Кыргызстанда жамгыр, кар жаайт. Дем алышка карата аба ырайы  

Кыргызгидромет 25-26-февралга карата Кыргызстанда аба ырайынын болжолун жарыялады. Абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Чүй облусунда

25-февралда айрым жерлерде жаан жаап, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы күндүз -2 … +3 °C, түнкүсүн 1 … 6 °C болот. Ал эми 26-февралда күндүзү 1 … 6 °C, түнкүсү -2 … -7 градус суук болот.

Талас облусунда

25-февралда көпчүлүк аймактарда, жаан, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы күндүз -1 … +4 °C, түнкүсүн 0 … 5 °C болот. Ал эми 26-февралда күндүзү -4 … -9 градус суук, түнкүсүн 1 … 6 °C болот.

Жалал-Абад облусунда

25-февралда көпчүлүк аймактарда, жаан жаап, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1 … 6 °C, күндүзү  2 … 7 °C болот. Ал эми 26-февралда түнкүсүн -3 … +2 °C, күндүзү 2 … 7 градус болот.

Ош облусунда

25-февралда көпчүлүк аймактарда, жаан жаап, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1 … 6 °C, күндүзү 2 … 7 °C болот. Ал эми 26-февралда түнкүсүн -3 … +2 °C, күндүзү 2 … 7 градус болот.

Баткен облусунда

25-февралда көпчүлүк аймактарда, жаан жаап, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 1 … 6 °C, күндүзү 2 … 7 °C болот. 26-февралда түнкүсүн -3 … +2 грдус жылуу болсо, күндүзү 2 … 7 градуска чейин жетет.

Ысык-Көл облусунда

25-февралда облус боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1 … -6 °C, күндүзү 4 … 9 грдус суук болот. Ал эми 26-февралда түнкүсүн 0 … -5 °C болсо, күндүзү -1 … +1 °C жылуу болот.

Нарын облусунда

25-февралда облус боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -11 … -16 градус суук, күндүзү -2 … -7  градуска жетет. Ал эми 26-февралда түнкүсүн -9 … -14 °C, күндүзү -5 … -10 градус суук болот.

Бишкек шаарында

25-февралда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн  1 … 3 °C, күндүзү 3 … 5 °C болот. Ал эми 26-февралда түнкүсүн -4 … -6 градус суук, күндүзү 2 … 4 градус болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>