Лондондогу көргөзмөдө Кыргызстандын павильону эң кызыктуу деп табылды

Лондондогу көргөзмөдө Кыргызстандын павильону эң кызыктуу деп табылды

Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду 7-9-ноябрь күндөрү Лондондо өткөн эл аралык көргөзмөгө катышты.

WTM London — дүйнөдөгү эң ири туристтик көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат. Фонддун күчү менен Кыргызстан биринчи жолу өзүнүн улуттук павильонун (көргөзмө үйү) көргөзмөгө коё алды.

Иш-чаранын ачылышына КРнын Улуу Британиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Жусупов, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, ал эми ишине болсо ата мекендик алты туроператор катышты.

“Кыргызстандын стенди башкалардан көркөмдүүлүгү менен айырмаланып, катышуучулардын тандоосу менен эң кооз жана кызыктуу деп табылды. Көргөзмөнүн алкагында фонд – Кыргызстанды чет өлкөлөрдө таанытууга,  өлкөгө туристтердин уюшулган тобун жиберүүгө жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө кызыкдар Англия, Казакстан, Пакистан сыяктуу беш өлкө менен меморандумга кол койду”, — деп билдиришти аталган фонддон.

Жалпысынан делегациянын мүчөлөрү үч күндүн ичинде потенциалдуу өнөктөштөр менен 250 кызматтык жолугушуу өткөрүүгө жетишти.

Ушул эле күндөрү фонд Улуу Британиядагы КРнын элчилигинин жардамы менен өлкөнүн туристтик потенциалы жөнүндө семинар өткөрдү. Ага чет өлкөлүк 55 өнөктөш жана туроператорлор чакырылган. Аларга фонддун ишмердүүлүгү тааныштырылып, Кыргызстан жөнүндө англис тилинде 15 мүнөттүк видео ролик көрсөтүлүп, улуттук бий бийленип, улуттук ашкананын тамактары сунушталды.

Ошондой эле семинардын жүрүшүндө сүрөт сатуу боюнча аукцион уюштурулду. Андан түшкөн каражаттын жарымы Кыргызстандагы кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>