Кыргызстандыктар 2024-жылы кайсы күндөрү эс алары белгилүү болду

Кыргызстандыктар 2024-жылы кайсы күндөрү эс алары белгилүү болду

Кыргызстандыктар 2024-жылы кайсы күндөрү эс ала турганы белгилүү болду.

Эмгек министрлигинин өндүрүштүк календарына ылайык, келе жаткан жылы былтыркыдай эле 14 дем алыш майрам күнү болот.

  • 1-январь – Жаңы жыл;
  • 7-январь — Рождество;
  • 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү;
  • 8-март – Аялдардын эл аралык күнү;
  • 21-март — Нооруз;
  • 7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү;
  • 1-май – Эмгек күнү;
  • 5-май – Кыргызстандын Конституция күнү;
  • 9-май – Жеңиш күнү;
  • 31-август – Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү;
  • 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү;
  • Ай календары боюнча аныкталуучу мусулмандардын Орозо айт жана Курман айт майрамдары.

Ошол эле учурда, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу үчүн дем алышка туш келген майрам күндөрү башка иш күндөрүнө которулуп, кыргызстандыктар бир нече күн катары менен эс алууга мүмкүнчүлүк алат. Бул боюнча өкмөттүн тиешелүү токтому чыкты:

1) 1–7-январь дем алыш күндөрү болот:

— 8-январдагы дем алыш күнү 2-январдагы иш күнүнө;

— 27-январдагы дем алыш күнү 3-январдагы иш күнүнө;

— 2-марттагы дем алыш күнү 4-январындагы иш күнүнө;

— 2-сентябрдагы дем алыш күнү 5-январдагы иш күнүнө которулат.

2) 21–24-март дем алыш күндөрү болот:

— 8-апрелдеги дем алыш күнү 22-марттагы иш күнүнө которулат;

3) 2-3-май дем алыш күндөрү болот:

— 6-майдагы дем алыш күнү 2-майдагы иш күнүнө;

— 11-майдагы дем алыш күнү 3-майдагы иш күнүнө которулат;

4) 10-апрель – Орозо айт, 17-июнь – Курман айт деп белгиленип, дем алыш майрам күндөрү болуп саналат.

Бул токтом 5 күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине тиешелүү. Ошол эле учурда токтомдогу «1-7-январь эс алуу күндөрү» деген пунктту аткаруу жеке менчик ишкана-мекемелерге сунушталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>