Сыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталды
Кыргызстанда жаштар 10 жылда 2 миллиондон ашат
27.10.2022 | 19:34
Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исатбек кызы менен Жылдыз Таалайбек кызы Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада депутат Аида Исатбек кызы баяндама жасап, өтүп жаткан талкуунун маанилүүлүгүнө токтолуу менен Кыргызстандагы жаштар саясаты боюнча сөз кылды.
“Кыргызда жаштардын саны 1 миллион 593 миңди түзөт. Бул республиканын жалпы калкынын 24%ына барабар. Ал эми 10 жылдан кийин жаштардын саны 2 миллиондон ашып, 18%га өсөөрү күтүлүүдө”, – деди депутат Аида Исатбек кызы.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом