Кыргызстандагы кайсы лотереялар мыйзамсыз экени айтылды

Кыргызстандагы кайсы лотереялар мыйзамсыз экени айтылды

Кыргызстандын Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы YouTube’дагы мыйзамсыз лотереялардын тизмесин жарыялады.

Аталган кызматтын маалыматы боюнча, YouTube’дагы  «Келечек», «Ош күч», «Баткен күч», «Сүйүн ТВ», «Адишеров», «Чындык оюну», «Максат Аманов», «Жеңиш ТВ», «Барсбек Батиралиев», «Акниет ТВ 2», «Муха ТВ», «АЛГА Баткен», «Достук ТВ», «Байхан», «Ийгилик ТВ» каналдарында ойнотулган лотереялар мыйзамсыз болуп саналат. Мындан улам мекеме жарандарды аларга катышпоого чакырат.

Мыйзамга ылайык, мыйзамсыз лотерея уюштурган жарандардын лотереядан тапкан кирешесинин баары мамлекеттин эсебине алынып, акча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кароого жана балдар үйүнө жумшалат. Ал эми уюштуруулар мыйзамга ылайык кылмыш жообуна тартылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>