Ырдоого, ышкырууга болбойт. “Тынчтык жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталды

Ырдоого, ышкырууга болбойт. “Тынчтык жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана Сеидбек Атамбаев “Тынчтык жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштады.

Ал калктын эс алуу убактысын камсыз кылууга багытталган.

Ага ылайык  жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголуучу объекттер аймактар түзүлөт. Ага көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, отелдер, жатаканалар,  жеке турак үйлөрдү куруу зоналары, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо уюмдары, социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттор кирет.

Мындай аймактарда үндү жаңыртуучу аппараттарды, пиротехниканы колдонууга, музыкалык аспаптарда ойноого, ышкырууга, ырдоого болбойт.

Мыйзам кабыл алынып калса, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү үчүн ызы-чууну өлчөөчү приборлорду сатып алууга республикалык бюджеттен каржылоо талап кылынат.

Долбоордун авторлорунун айтымында, ызы-чууну өлчөөчү бир аппарат 110 миң -200 миң сомго чейин турат. Жалпысынан 85 бирдик үчүн 12,7 миллион сом керек болот.

Азыр эл жашаган жерлерде же коомдук жайларда тынчтык эрежелерин бузгандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом өлчөмүндө айыппул каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>