Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Кыргызстандагы казак элчисинин миссиясы аяктады
29.08.2019 | 15:10
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаевди дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын малыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.
Мамлекет башчысы Карим Кокрекбаевдин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердигин белгилеп, анын эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана жакшы коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын белгилеп, ага мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Карим Кокрекбаев, жолугушууга ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигин жүргүзүүдө боордош элдин жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун сезгенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат