Кыргызстандан 25 кг күмүш алып бараткан казак жараны кармалды

Кыргызстандан 25 кг күмүш алып бараткан казак жараны кармалды

Кыргызстандан Казакстанга баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу каналына бөгөт коюлду, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 19-майда УКМК тарабынан Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз жүгүртүүнү, ошондой эле Кыргызстан Казакстан менен мамлекеттик чек арасы аркылуу баалуу металлдарды алып чыгуу каналын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган  ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Ак-Жол-Автодорожный» өткөрүү пунктунда, жалпы салмагы 25 кг 925 күмүштөн жасалган зер буюмдарын эч кандай уруксат кагазы жок Казакстан тарапка мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурунда Казакстандын Б.А.М аттуу жараны кармалган.

Учурда жогорудагы баалуу металлдарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>