Кыргызстандыктарды Египетте ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Кыргызстандыктарды Египетте ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Египет Араб Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Манал Элсайед Йехиа Эл Шиннави менен кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, президент С.Жапаровдун коопсуз миграция үчүн шарттарды түзүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруунун алкагында министрлик кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө ишке орноштуруу боюнча иш алып барууда.

“Мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде Улуу Британияга, Түштүк Кореяга, Германияга убактылуу жумушка жөнөтөт. Японияда жумуш орундары боюнча келишим бар», — деди ал.

Тараптар иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция маселелери боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Египеттин элчиси өз сөзүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Базарбаевди Каирге (Египет) 2023-жылдын 5-6-июнунда өтө турган экинчи министрлер конференциясына катышып берүүсүн суранды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>