8-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтБилеттердин баасы, Lufthansa, Милан жана форум: Манасбек Самидинов — КР авиациясынын пландары тууралууКазакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунду алды — Аскат АлагозовУКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалдыСадыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырдыСоодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттү
Кыргызстандан акча которуулардын агымы өстү
11.04.2023 | 23:50
Быйыл февраль айында жеке жактар Кыргызстандан башка өлкөлөргө 49,5 миллион доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Каражаттын негизги бөлүгү 69,2%, же 34,3 млн доллары Россияга которулган. Үчтөн биринен азы (28%) Түркияга, калганы (3%тен азы) башка өлкөлөргө кеткен.
Былтыр февраль айына салыштырмалуу акчанын агылып чыгышы 20%га өскөн. Ошол мезгилде Кыргызстандан тез которуу системасы аркылуу 41,1 миллион доллар жөнөтүлгөн.
Быйыл январь-февралда өлкөдөн акча которуулардын көлөмү 107,4 миллион долларды түздү. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге көп.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика