12-апрелге карата аба ырайы

12-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. .

Күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  Ош облусунун көпчүлүк аймактарда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +17…+22

Талас облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +14…+19

Баткен облусу
түнкүсүн +8…+13
күндүз +17…+22

Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +8…+13
күндүз +17…+22

Ысык-Көл облусу
түнкүсүн 0…+5
күндүз +7…+12

Нарын облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +8…+13.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз да жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 7…9, күндүзгү жогорку температурасы 19…21. болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>