Жогорку Кеңеште кант кошулган суусундуктарга салыктын көлөмүн жогорулатуу сунушталдыБишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү иши: Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу мамлекеттик лабораториянын жетекчиси кармалдыКыргызстан менен Өзбекстан суу чарбасына жаңы технологияларды киргизетАлгачкы жолу кыргызстандык окуучу физика боюнча Европа олимпиадасында медаль алдыӨзгөндөгү трагедия: жигит мурдагы классташын бычактап өлтүрдүКастинг жарыяланды: Кыргызстандык кыздар эл аралык K-pop тобунун мүчөсү боло алат
Кыргызстандан катализаторлорду экспортоого тыюу салынды
24.08.2021 | 17:19
Колдонулган катализаторлорду, шлактарды, күлдү жана катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын калдыктарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдардын абага булгануусун азайтуу аркылуу адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого багытталган.
Убактылуу тыюу салуу алты айга киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом