КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кыргызстандан катализаторлорду экспортоого тыюу салынды
24.08.2021 | 17:19
Колдонулган катализаторлорду, шлактарды, күлдү жана катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын калдыктарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдардын абага булгануусун азайтуу аркылуу адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого багытталган.
Убактылуу тыюу салуу алты айга киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом