Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Кыргызстандан жыл башынан бери 91 медик чыгып кеткен
25.07.2022 | 11:06
Кыргызстандан жыл башынан бери 91 медициналык кызматкер кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында билдирди.
Маалыматка караганда, республика боюнча калкка 13 миң 655 дарыгер жана 33 миң 510 орто медициналык билимдүү адис кызмат көрсөтүүдө.
“Акыркы 6 айдын ичинде саламаттыкты сактоо тармагына орто медициналык билимдүү 1 миң 718 адис жана 690 дарыгер келген. Кеткен дарыгерлердин саны 525 жана орто билимдүү 1 миң 420 адис. Анын ичинен өлкөдөн 4 дарыгер жана 87 адис кетти”, – деди Жаркынбек Касымбеков.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом