Кыргызстандык 4 балбан дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат

Кыргызстандык 4 балбан дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат

Кыргызстандык 4 балбан Дүйнөлүк күрөш уюмунун (United World Wrestling) рейтингинде 1-орунду ээлеп турушат.

United World Wrestling уюмунун сайтында айтылгандай, грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта 65 миң упай менен балбан Акжол Махмудов рейтингдин сап башында турат. Дагы бир күчтүү грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта 68 миң упай менен 1-орунда.

Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн 62 салмакта Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы сабын ээлеп турат. Анын эсебинде 95 миң 575 упай бар. Белгилей кетсек, Тыныбекова быйылкы жылы “Дүйнөдөгү мыкты балбан кыз” деп табылды.

Ошондой эле дагы бир балбан кыз Айпери Медет кызы 82 миң 600 упай менен 76 кг салмакта 1-орунда турат.

Эркин күрөш боюнча балбандардын арасынан 70 кг салмакта Эрназар Акматалиев жана 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу дүйнөлүк рейтингде экинчи, 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков үчүнчү орунда турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>