Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Кыргызстандык альпинист Мексикадагы эң бийик чоку — Орисаба вулканына чыкты
26.11.2025 | 13:17
Кыргызстандык альпинист Акматбек Маматкаимов 23-ноябрь күнү Мексикадагы эң бийик чокуга — Орисаба вулканына ийгиликтүү көтөрүлдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактарда билдирди.
Маматкаимовдун айтымында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:13тө Орисабанын чокусуна Кыргызстандын желегин кадимкидей желбиретип койгон.
Орисаба, же Ситлалтепетль деп да белгилүү, Мексиканын эң бийик чокусу жана активдүү вулкан болуп саналат. Анын бийиктиги 5636 метрге жетет.



