Өзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Кыргызстандык аскерлер Түркияда «Эфес-2026» машыгуусуна катышууда
11.05.2026 | 16:15

Кыргызстандын Түштүк-Батыш оперативдик колбашчылыгынын 35524 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары «Эфес-2026» эл аралык аскердик машыгуусуна катышып жатышат. Коргоо министрлигинин маалыматында, машыгуулар Түркиянын Измир шаарындагы «Картал» полигонунда өтүп жатат.
20-апрелден 21-майга чейин созулган бул машыгууга жалпысынан 17 мамлекеттин аскерлери катышууда. Иш-чаранын алкагында согуш аракеттерин жүргүзүү ыкмалары жана жаңы технологияларды колдонуу боюнча 28 окуу жайы уюштурулган.
Учурда машыгуунун сценарийине ылайык, активдүү фазага даярдык көрүлүүдө. Иш-чара тажрыйба алмашуу жана аскердик кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом