Караколго эл аралык каттамдар үчүн 10 автобус алынып келинди

Бүгүн, 11-майда, Каракол шаарына 10 автобус жеткирилди. Бул транспорт каражаттары Караколдон Алматыга жана Ташкентке жүргөн эл аралык каттамдарды тейлейт. Ошондой эле Каракол-Бишкек каттамына да чыгарылат. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, автобустар алыскы аралыкка жүргүнчү ташууга ылайыкталып жабдылган. Жаңы техниканы ишке киргизүү жүргүнчүлөрдү ташуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.
Эске салсак, Каракол-Алматы багытындагы автобус каттамы 2025-жылдын сентябрь айынан тарта “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу жүрө баштаган.
Мындан тышкары, жакын арада дагы 20 автобустун келиши күтүлүп жатканы айтылды. Алар Каракол шаарынын ичиндеги каттамдарды тейлөө үчүн колдонулат. Бул чаралар шаар ичиндеги жана шаар аралык коомдук транспорт системасын жакшыртуу максатында ишке ашырылууда.