Көчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
Кыргызстандык аял Якутияда 3 жылга эркинен ажыратылды
19.02.2021 | 15:30
Якутияда чет элдик жарандарды мыйзамсыз легалдаштырып жүргөн Кыргызстандык аял сот жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, ал үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Аны менен бирге чет өлкөдөн келген жарандарды легалдаштырып жүргөн Алданск районунун тургунун да 3 жылга камоо чечими чыккан.
“Аталган адамдар сый акыга жасалма документтерди жасап жүргөн. Алар чет элдиктер тарабынан миграция кызматына сунушталып, өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартып иштешкен”, – деп айтылат билдирүүдө.
Якутиянын шаардык соту, Орусиянын мыйзамдарына ылайык аларга карата 322.1-берене (Чет элдик жарандардын Россия Федерациясында мыйзамсыз жүрүүсүн уюштуруу) менен өкүм чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар