Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Россияда эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, машыгуулар 29-июнь күнү башталган, 15-июлда жыйынтыкталат. Балбандар дүйнө чемпионатына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүдө.
Курама команданын тизмеси:
— 60 кг: Жоламан Шаршенбеков, Нурмухаммед Абдуллаев,
— 63 кг: Тынар Шаршенбеков;
— 67 кг: Раззак Бейшекеев, Амантур Исмаилов;
— 77 кг: Акжол Махмудов, Ырыскелди Максатбек уулу;
— 87 кг: Атай Азизбеков, Азат Салидинов;
— 97 кг: Үзүр Жузупбеков, Нурмамбет Райымалы уулу;
— 130 кг: Ким Роман;
— Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков;
— Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз