Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Кыргызстандык дзюдочулар Түркиядагы ири мелдешке катышат
25.03.2024 | 17:29
Кыргызстандык дзюдочулар Түркияда өтө турган Antalya Grand Slam («Анталия Гранд Шлем») эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 29-31-март күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан 3 спортчу барат.
Курама команданын тизмеси:
– Кубанычбек Айбек уулу – 66 кг;
– Асад Масабиров – 81 кг;
– Эрлан Шеров – 90 кг.
Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги алдында катышат.
Белгилей кетсек, «Гранд Шлем» мелдештери абройлуу турнирлердин катарына кирет. Бул мелдеште байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар дүйнө чемпионаты жана Олимпиада оюндарына катышуу үчүн рейтингдик упайларды ала алышат.