Чүйдөгү өспүрүм кыздын зордукталышы. Эки шектүү камакка алынды, бирөө качып жүрөт

Чүйдөгү өспүрүм кыздын зордукталышы. Эки шектүү камакка алынды, бирөө качып жүрөт

Чүй облусунун Сокулук районунда өспүрүм кызды зордуктоого шектелген 2 жаран камакка алынып, дагы бирөө издөөгө алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, шектүү катары кармалган 2005-жылы туулган М.Т. жана 2004-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандар соттун чечими менен тергөө аяктаганга чейин 1 айга камакка алынган.

Дагы бир шектүү – 2000-жылы туулган Ж.Б.га издөөгө жарыяланган. Өспүрүм кыздын тууганы Kaktus.media’га билдиргендей, издөөгө алынган адам бул окуяда башкы фигурант болуп саналат. Ал окуя тууралуу маалымат коомчулукка тарагандан кийин изин жашырып кеткен.

Ошондой эле бул иш боюнча шектүү катары айтылган башка адамдар кармала элек. Милиция тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, 20-мартта Акыйкатчы институту Сокулукта 9 эркек 13 жаштагы кызды дээрлик бир жыл зордуктап келгени тууралуу билдирген. Аларга кыздын ата-энеси кайрылып, милиция кылмышкерлерге чара көрбөй жатканын айтышкан. Ошондой эле шектүүлөрдүн туугандары тарабынан кыздын үй-бүлөсүнө коркутуу-үркүтүүлөр болуп келген.

Кыздын апасынын айтымында, 19-22 жаштагы 9 жигит 2023-жылдын апрель айынын бери анын 13 жаштагы кызын системалуу түрдө зордуктап жүргөн. Алар кызды «эч кимге айтпа» деп коркутуп келишкен. Өспүрүм ата-энесине айткандан коркуп, үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган.

Бул окуя боюнча милиция үн катып, укук коргоо органдары чара көрбөй жатат деген билдирүүгө жооп берген.

22-мартта укук коргоочу Назгүл Турдубекова өспүрүм кыздын үй-бүлөсү мындан ары өз айылында жашай албай тургандыктан, башка жерге көчүп кетүүгө аргасыз экенин билдирген.

Үрөй учурган окуя. Чүйдө 9 эркек 13 жаштагы кызды бир жылдан бери зордуктап жүргөн

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>