Айгүл Жапарова кулак-мурду кескиленген Аселден кабар алды

Айгүл Жапарова кулак-мурду кескиленген Аселден кабар алды

Биринчи айым Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан кулак мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын абалын сурап барды. Бул туурасында президенттин жубайы соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек. Башынан азаптуу күндү өткөргөнүнө карабай Асел кайраттуу, жаркылдаган мыкты мүнөзү бар кыздарыбыздын бири экен. Белегиң үчүн чоң рахмат! Бардыгы жакшы болот!», — деп жазылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда ооруканага бычактан алган жаракаты менен 36 жаштагы аял түшкөн. Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча катталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, натыйжада 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>