Кыргызстандык окуучу информатика боюнча эл аралык олимпиадада күмүш утту

Кыргызстандык окуучу информатика боюнча эл аралык олимпиадада күмүш утту

Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев XXXV эл аралык информатика боюнча олимпиадада (35th IOI 2023 Hungary) күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Олимпиада 28-августтан 4-сентябрга чейин Венгриянын Сегед шаарында өткөн. Ага Кыргызстандан төрт окуучу катышкан. Алар «Сапат» лицейинин окуучулары болушат.

Министрликтен белгилешкендей, информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада күмүш медаль уткан учур Кыргызстандын тарыхында буга чейин болгон эмес.

International Olympiad in Informatics информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн төрттөн мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 355 окуучу барган.

Кыргызстандын курама командасынын көрсөткүчү:

  1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаары, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — күмүш медаль;
  2. Тенгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаары, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — коло медаль;
  3. Алихан Айдарбеков, Нарын шаары, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу — коло медаль;
  4. Байторо Майрамбеков, Талас шаары, «Манас-Ата» Талас лицейинин 11-классынын окуучусу – ардак грамота.

Окуучуларды даярдаган мугалим жана команда жетекчисинин жардамчысы — Кылычбек Урайымов. Команда жетекчиси — Павел Панков.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>