Россияда кыргызстандык айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салуу сунушталууда

Россияда кыргызстандык айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салуу сунушталууда

Россиянын Мамлекеттик думасында өлкө аймагында кыргызстандык айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору ченемдик-укуктук актылар порталына жайгаштырылган.

Ага ылайык, өлкө аймагында россиялык айдоочулук күбөлүк менен гана иштөө каралган. Такси жана коомдук унаанын айдоочусу болуп иштөөнү каалаган чет элдиктер Россиядагы автомектептерде окуп, сынактан өтүшү керек болот.

Мыйзам долбоорунун баяндама катында айтылгандай, «Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө» мыйзамына ылайык, орус тили расмий катары кабыл алынган мамлекеттердин жарандарына өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү менен Россияда иштөөгө уруксат берилген. Бирок мыйзам долбоорунун демилгечилери аталган норманы алып салууну көздөп жатат. Эгер мыйзам кабыл алынса, такси айдоочулары бир гана россиялык айдоочулук күбөлүк менен гана иштей турган болот.

Ошондой эле, баяндама катта айтылгандай, Россияда жол кырсыктарынын көбүндө Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения жана Азербайжандын жарандары күнөөкөр болушат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>