Манас шаарындагы «Акылман» мектеп-лицейинин курулушу 75 пайызга аяктады

Манас шаарында президенттик «Акылман» мектеп-лицейинин курулушу уланууда. Курулуштун жүрүшүн Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев текшерип чыкты.
Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, объекттеги курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга аткарылды.
Ошондой эле, буга чейин президенттин тапшырмасы менен долбоорго кайрадан экспертиза жүргүзүлүп, анын сметалык баасы оптималдаштырылганы белгиленет. Натыйжада бир чарчы метрдин курулуш баасы 1 миң 103 доллардан 750 АКШ долларына чейин, ал эми объекттин жалпы баасы 2,1 миллиарддан ашуун сомдон 1,7 миллиард сомго чейин төмөндөгөн.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Орунтаев курулуш иштеринин тийиштүү сапатын камсыздоону жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону тапшырды.
Эскерте кетсек, мектеп-лицейдин аймагынын жалпы аянты 2,4 гектарды түзөт. Долбоордо 360 окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу окуу корпусун, 410 орундуу жатакананы жана мугалимдер үчүн 25 батирлүү беш кабаттуу турак жайды куруу каралган.

Окуу корпусунда 34 класс, ашкана, китепкана, жыйындар залы, предметтик лабораториялар, 25 метрлик бассейн жана заманбап спорттук зал жайгашат. Ошондой эле аймакта эл аралык стандарттарга жооп берген стадион, жеңил атлетикалык чуркоо жолчосу курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Курулушту «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы алып барууда, долбоор республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.