Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келдиУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди
Кыргызстандык самбочулар дүйнө чемпионатында 11 медаль утту
14.10.2024 | 16:48
Самбо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы дүйнө чемпионатында 11 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 11-13-октябрь күндөрү Кипрдин Ларнака шаарында өткөн. Кыргызстандык спортчулар дүйнө биринчилигинде 1 алтын, 2 күмүш жана 8 коло уткан.
Жаштар арасында (2004-2006 ж.т.):
- Алтын: Эмирхан Жолдошказиев (+98 кг);
- Күмүш: Артур Сансызбеков (88 кг);
- Коло: Аида Асанбекова (66 кг);
- Коло: Ахмед Алиев (күжүрмөн самбо, 58 кг);
- Коло: Айтеңир Алтынбек уулу (күжүрмөн самбо, 79 кг).
Жаштар арасында (2006-2007 ж.т.):
- Коло: Азамат Темирбеков (64 кг);
- Коло: Аятулло Алтынбеков (71 кг);
- Коло: Илья Сухинин (+98 кг).
Өспүрүмдөр арасында (2008-2009 ж.т.):
- Күмүш: Шахнази Айбекова (41 кг);
- Коло: Даниел Шаршенов (58 кг);
- Коло: Нурадил Иманалиев (71 кг).
Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом