Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жататКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөтСадыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолукту
Кыргызстанда алтындын баасы 2025-жылдын башынан бери 60 миң сомдон ашык кымбаттады
12.05.2025 | 10:39
Кыргызстандын Улуттук банкынын 12-майга карата алтын куймаларынын унцийинин сатып алуу баасы 293 миң 435 сом деп белгиленди.
Узакка созулган май майрамдарынын алдында 30-апрелде анын баасы 291 миң 72,5 сомду түзгөн. Тактап айтканда бул күндөрү унция 1 миң 705,5 сомго кымбаттады. Ошол эле учурда жыл башынан бери 8-январда унция 60 миң 118 сомго кымбаттады.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын өлчөөчү куймаларынын унциясын 297 миң 836,5 сомго сатып алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар