Мандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмашты
Кыргызстандык тайбоксчулар Азия чемпионатына катышат
02.10.2024 | 16:41
Кыргызстандык тайбоксчулар Армениядын Ереван шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 3-7-октябрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан 13 спортчу катышат.
Курама команданын тизмеси:
– Рамис Масловец (42 кг);
– Диана Заинитдинова (54 кг);
– Алия Саалыева (48 кг);
– Милана Шихшабекова (51 кг);
– Аделя Асылбек кызы (60 кг);
– Махабат Орозбекова (67 кг);
– Ильяз Абдулин (54 кг);
– Альберт Бактыбеков (57 кг);
– Элзаман Замирбеков (60 кг);
– Ихтияр Каныметов (63.5 кг);
– Султан Атагелдиев (71 кг);
– Ахмед Ашурбеков (75 кг);
– Дмитрий Луговой (91 кг).
Курама команда мелдешке машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дильшат Даутов жана Александр Кононенконун жетекчилиги алдында катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом