ЖИ доорундагы котормочулардын келечеги: КРСУнун бүтүрүүчүсүнүн көз карашыКОСУнун студенти «Жайкы университет – 2026» долбоорунун байге ээлеринин катарына кирдиКыргызстанда никеге туруу арызын эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу берсе болотКыргызстанда инсулин тартышпы? Саламаттык сактоо министрлигинин жообуБишкекте Элебесов, Безымянная, Кожевенная жана Киргизская көчөлөрү реконструкцияланатЭль-Ниньо Борбор Азияга жетти: жаан-чачындын көбөйүшү, аптап жана сел коркунучу
Мас абалда унаа айдаган Сот департаментинин кызматкери иштен алынды (видео)
02.10.2024 | 16:09
Бишкекте мас абалда унаа айдаганы үчүн кармалган Сот департаментинин Чүйдөгү башкармалыгынын кызматкери Азамат Курманбеков кызматтан алынды. Бул тууралуу Сот департаментинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, ал облустагы башкармалыкта сот аткаруучулардын ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген. Аталган окуядан кийин Курманбеков кызматтан бошотулду.
Эскерте кетсек, Азамат Курманбеков Милициянын кайгуул кызматы тарабынан 1-октябрда кармалган. Наркологиядагы текшерүүдө ал ичимдик ичкени аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом