Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстандагы мелдеште 2 байге утту

Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстандагы мелдеште 2 байге утту

Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстанда өткөн мелдеште алтын жана күмүш байге утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жөө күлүктөр Нурсултан Кеңешбеков жана Алымкан Жамшитбекова Өскемен шаарында өткөн Ольга Рыпакованын байгесине арналган IV эл аралык мелдешке катышкан.

Бул жарышта эркектер арасында Нурсултан Кеңешбеков 1500 метр аралыкка чуркап 1-орунду ээлесе, Алымкан Жамшитбекова кыз-келиндер арасында 800 метр аралыкка чуркап 2-орунга татынган. 1-орун үчүн Кеңешбековго 1 миң доллар, 2-орун үчүн Жамшитбековага 800 доллар акчалай сыйлыктын сертификаты берилген.

Белгилей кетсек, Ольга Рыпакова казакстандык жеңил атлетчи. Ал Олимпиада оюндарынын алтын (2012-жыл), күмүш (2008-жыл) жана коло (2016) байгелерин уткан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>