Курулуш агенттиги “Кыргыз деңизи” санаторийиндеги жараканын себебин айтты

Курулуш агенттиги “Кыргыз деңизи” санаторийиндеги жараканын себебин айтты

22синен 23-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн кийин “Кыргыз деңизи” эс алуу жайынын жетекчилигине эскертүү берилет. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Нурадил Кеңешов билдирди.

Ал силкинүүдөн санаторийдин имаратынан жарака кеткендиги боюнча маалыматты четке какты.

“Бул  эки имарат кошулган жер, ал “сейсмологиялык тигиш” деп аталат. Курулуш талаптарына дал келет. Анткени, так силкинүү учурунда имарат кыймылдап туруш керек. Болгону дубалды шыбап, жасалгалоодо ката кетиришкен. Ошол шыбоолор кечээ түшкөн”, — дейт ал.


Интернетте Нарын облусунда дагы кайсы бир имараттан шыбоосу көчүп, жарака кеткени боюнча видео жарыяланууда. Мамлекеттик курулуш агенттиги азыр маалыматтарды тактоодо.

Эгер кайсы курулуштан жарака же башка өзгөрүүнү байкагандар агенттиктин 0555579257 номерине кабар жөнөтө алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>