«Оюмду бурмалап жатышат». Жоламан Шаршенбеков аны саясатка аралаштырбоону суранат

«Оюмду бурмалап жатышат». Жоламан Шаршенбеков аны саясатка аралаштырбоону суранат

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков коомдо кызуу талкуу жараткан мамлекеттик туунун өзгөрүүсүнө карата пикирине түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, сөзү жана жеке ою бурмаланып кетти.

«Ар бир жаран өз оюн айтканга укугу бар. Бирок ошол эле учурда кээ бир адамдар менин жеке пикиримди, оюмду бурмалап жаткандыгы өкүнүчтүү. Мен профессионалдык спорт менен гана алекмин, эч кандай саясый иштерге аралашпайм. Ар дайым Кыргызстандын туусун дүйнө жүзүнө таанытууга болгон күчүмдү жумшаймын», — дейт чемпион.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш туу боюнча жаңы мыйзам долбоорун кабыл алгандан кийин спортчулардын ичинен биринчилерден болуп Жоламан Шаршенбеков өз оюн билдирип, жеңиштеринде эски тууну гана көтөрүп чыгарын айткан. Анын пикирине дароо эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берип, мыйзамга баш ийүүгө аргасыз болорун айткан.

«Ошентип көрсүн!». Ташиев Шаршенбековдун «мелдештерге эски туу менен чыгам» деген сөзү боюнча үн катты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>