Чүйдө тургун эккен буудайдын түшүмүн башка адамдар жыйнап алган

Чүйдө тургун эккен буудайдын түшүмүн башка адамдар жыйнап алган

Чүй облусунда Москва районунун тургуну ижарага алынган жерге айдаган буудайды башка адамдар жыйнап алган. Бул тууралу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүйдүн тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Анда Красный Октябрь айылынын жашоочусу айыл өкмөтү тарабынан анын укуктары бузулуп жатканын билдирип, жардам сураган.

«Буга чейин жерди ижарага алып, буудай айдагам. Бирок түшүмүн башка адамдар жыйнап алышты. Жердин ижарасын айыл өкмөтүнө төлөгөм. Бирок башка адамдар келип, түшүмдү жыйнап кетишти. Андан кийин аны сатып жиберишти. Ушул кезге чейин соттошуп жүрөм. Менин укуктарымды калыбына келтирүүгө жардам бериңиздер», — деди ал.

Жолугушууга катышкан Москва районунун акими анын ишин жеке көзөмөлүнө аларын жана маселесин чечүүгө аракет кылаарын убада кылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>