Кыргызстандыктар Кувейтте кайсы тармактарда иштей алышат?

Кыргызстандыктар Кувейтте кайсы тармактарда иштей алышат?

Кыргызстандыктар Эмгек министрлиги аркылуу Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашкандай, тиешелүү келишимге бүгүн, 22-июнда министрликтин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттик Al Huqооq International Company”компаниясы кол коюшту.

«Чет өлкөдө коопсуз эмгек шарттарын уюштуруу президент С.Жапаровдун тиешелүү жарлыгынын алкагында министрликке жүктөлгөн милдет. Ал эми бүгүнкү күндө департамент Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Перс булуңунун өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде мыйзамдуу, коопсуз жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн берип жатат.

Кол коюлган келишимдин алкагында кыргызстандыктарга туризм, медицина жана мейманкана бизнеси тармагында бош орундар берилет. Негизги талаптар – англис тилин билүү жана 18 жаштан 45 жашка чейинки курак», — деп түшүндүрду министр.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>