Парламент соттордун пенсиясынан үстөк акыны алуу сунушун колдогон жок

Парламент соттордун пенсиясынан үстөк акыны алуу сунушун колдогон жок

Жогорку Кеңештин 22-майдагы жыйынында “Судьялардын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Тиешелүү мыйзам долбоору депутаттар Жеңишбек Токторбаев жана Алишер Козуев тарабынан даярдалган.

Мыйзам долбоору пенсияларды адилет дайындоодо жана камсыздандыруу мүнөзүнө ээ болбогон пенсияларга кошумчаларды төлөөдө республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштырууга багытталган.

Жыйында баяндама жасаган Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, судьялардын жана калктын башка категорияларына дайындалган үстөк өлчөмүндөгү чоң диспропорциялар коомдо көптөгөн суроолорду жаратып, аларды жоюу маселеси улам көтөрүлүүдө.

«Ушуга байланыштуу пенсияларды дайындоонун жана республикалык бюджеттин каражаттарын оптималдаштырууну камсыздандыруу принциптерин күчөтүү максатында судьялардын пенсиясына үстөк акыларды аныктоочу ченемдерди, атап айтканда «Кыргызстандын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 34-беренесинин 5, 6, 7-бөлүктөрүн, 4-бөлүгүнүн экинчи-бешинчи абзацтарын күчүн жоготту деп таануу сунушталууда», — деп белгиледи депутат.

Токторбаевдин айтымында, айрым соттор 129 миң сомго чейин пенсия алат. Анын ичинен 65 миң сому пенсияга кошумча үстөк болуп саналат. Ал эми, эң аз пенсия 21,5 миң сом болсо, үстөк акы катары дагы 13,5 миң сом берилет. Депутаттын пикиринде, соттордун алган пенсиясынын өзү эле жетиштүү болгондуктан, үстөк акыны алып салуу керек.

Талкуудан кийин мыйзам долбооруна добуш берилип, ага 18 депутат «макул», 43 депутат «каршы» деп добуш берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>