Кыргызстандыктар Москвада мекендешин уурдап, тоноп кетишкен

Кыргызстандыктар Москвада мекендешин уурдап, тоноп кетишкен

Москвада кыргызстандыкты опузалап, барымтага алган кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Москва шаарында жана Москва облусунда уюшкан кылмыштуу топ криминалдык авторитеттин атынан иш алып барып, мекендештерди опузалап, жарандарды көзөмөлдөөнү уюштурууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган топту 34 жаштагы Нарын облусунда туулган Карагер лакап аты менен жетектеп жүргөнү аныкталды. Аталган жаран мурда адам өлтүрүү, тоноо, бейбаштык жана алдамчылык беренелери боюнча соттолгон. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

10-июнь күнү кыргызстандык жаран милицияга кайрылып, Кузьминки паркынын аймагында бейтааныш адамдар анын тууганын күч менен унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкенин билдирген. Укук коргоо кызматкерлери жабырлануучуну Москвадагы ижарага алынган батирлердин биринен табышкан. Андан 1 миллион 800 миң рубль талап кылган.

Мекендештерди уурдоого катышкан Кыргызстандын жети жараны кармалды. Бул факты боюнча 163-берененин негизинде кылмыш иши козголду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>