Ысык-Көлдүн түбүнөн 7,3 чакырым эски балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери көлдүн түбүнөн 7,3 чакырым эски синтетикалык балык уулоочу торду чыгарып, 130 килограмм тиричилик таштандысын алып чыгышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, рейддер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгынын алкагында өткөрүлүүдө. Алар көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, суунун булганышын алдын алууга жана мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүүгө багытталган.
Тазалоо иштеринин жүрүшүндө көлдүн түбүнөн жана акваториясынан жалпы узундугу 7 миң 300 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды. Мындан тышкары, 130 килограмм тиричилик калдыгы чогултулуп, чыгарылды.
Министрликтен билдиришкендей, Ысык-Көлдө рейддик жана көзөмөл иш-чаралары мындан ары да улантылат.