Орунбеков жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти

20.07.2026 | 14:47
Орунбеков предупредил об ответственности за недостоверную информацию — Новости Кыргызстана

Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков айрым саясатчылар президент болууну көздөп, фейк-аккаунттар аркылуу бийликти каралап, жалган маалыматтарды таратып жатканын билдирди.

Орунбековдун айтымында, буга чейин мындай маалыматтарды Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө байланыштуу фейк-аккаунттар таратып келген. Анын айтымында, азыр аларга башкалар да кошулду.

Ал социалдык тармактарда «Кытай басып кетти», «жерлер сатылып жатат», «тышкы карыз көбөйүп кетти» деген сыяктуу маалыматтар тарап жатканын белгиледи.

Орунбековдун айтымында, эгер мындай маалыматтарды тараткан адамдар аныкталып, кармалып же жоопкерчиликке тартылса, алардын жакындары «балабызды жөн эле камап коюшту», «кызыбызды жөн эле суракка чакырышты» деп чыгышат.

Ал мындай маалыматтарды тараткандарды азыртадан токтотууга чакырып, антпесе жакын арада «башчылары менен кошо камаларын» айтты.

Орунбековдун пикиринде, жогорудагы темалар боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ал жалган маалымат таратып, улуттар аралык кастыкты козуткандар мыйзам алдында жооп берип, жоопкерчиликке тартыла турганын билдирди.

«Ушак таратууну токтоткула. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акысы менен жөлөк пулдары жогору өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз», — деп жазды ал.

Ошондой эле Орунбеков Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды жана алардын байланыштарын аныктап жатканын билдирди. Анын айтымында, бул багытта укук коргоо органдары да иш жүргүзүүдө.

Буга байланыштуу ал жарандарды такталбаган жана улуттар аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратпоого чакырды.

Scroll to Top