Эми дыйкандар министрликтин байланыш борбору аркылуу кеңеш ала алышатӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиКыргызстанда балдардын бир ата-энесинин макулдугу менен чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүү сунушталуудаМихаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешине катышуу үчүн Кыргызстанга келетКыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыктыБишкекте көчөдөн ток урган 9 жашар бала каза болду
Кыргызстандыктын командасы Dota 2 оюну боюнча мелдеште $2,4 млн утту
30.10.2022 | 20:18
Кыргыстандык Бакыт Эмилжанов курамында ойногон Team Secret командасы Dota 2 оюну боюнча The International мелдешинде экинчи орунду ээледи.
Team Secret командасы финалда Tundra командасына жеңилди. Мелдештин жеңүүчүсү 8,3 млн доллар, ал эми экинчи орунду алган команда 2,4 млн доллар алат.
Dota 2 боюнча эл аралык мелдеш Сингапурда өтүп, анда 20 команда ат салышкан. Командада бештен оюнчу болгон. Team Secret командасына Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн оюнчулары кирген.
Бакыт Эмилжанов Zayac каймана аты менен белгилүү. Ал буга чейин, 2019-жылы The International мелдешине Natus Vincere командасынын катарында катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз