Өгөй атасын балталап өлтүргөн. Окуянын чоо-жайы

Өгөй атасын балталап өлтүргөн. Окуянын чоо-жайы

Чүй облусунда өгөй атасын өлтүрүүгө айыпталган жаранга облустук сот өкүм чыгырды. Соттун өкүмү быйыл 8-августта чыгып, act.sot.kg сайтына 29-октябрда жарыяланды.

Сот өкүмү

Буга чейин 2021-жылдын 24-ноябрында Аламүдүн райондук соту К.С. уулу аттуу айыпталуучуну 12 жылга эркинен ажыратып, 110 миң сом айып пул салган. Анын жаза мөөнөтү 2020-жылдын 22-октябрынан тарта эсептелет.

Чечимде айтылгандай, 2020-жылы 21-октябрда саат 20:00-21:00дө К.С. уулу өгөй атасы менен ара ичип отуруп, сөздөн сөз чыгып, уруша кетишкен. К.С. уулу балта менен өгөй атасын башына жана ийиндерине бир нече жолу урган. Өгөй атасы эс учун жоготуп, ошол жерде көз жумган.

Айыпталуучу тарап аталган чечим боюнча Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Жактоочу арызында айыпталуучу күнөөнү мойнуна алганын, жасаган кылмышы үчүн өкүнүп жатканын, тергөө органдарына өз каалоосу менен келип, көрсөтмө бергенин эске алуу менен жаза мөөнөтүн сегиз жыл деп белгилөөнү суранган. Арызды карап чыккан облустук сот биринчи инстанциянын 110 миң сом айып пул төлөтүү чечимин жокко чыгарып, калган өкүмдү күчүндө калтырган.

Айыпталуучу тарап облустук соттун чечимин Жогорку сотко арызданууга укуктуу.

Айыпталуучунун жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү

Апелляциялык сот отурумунда К.С. уулу күнөөсүн мойнуна алып, көрсөтмө берген. Ага ылайык, ал 2020-жылы 21-октябрда саат 09:00-10:00 арасында үйүнөн чыгып, А. айылындагы дүкөндөн арак ичкен. Болжол менен саат 19:00до үйүнө мас абалында келген. Үйүнө келгенде, өгөй атасы төшөктөрдү ыргытып жаткан. Үйүндө апасы менен иниси жок болгондуктан, алардын каякта экенин сураган. Суроого атасы «кубалап жибердим» деп жооп берген. Ага байланыштуу атасы экөө уруша кеткен. Андан кийин экөө үйгө кирип, бирге арак ичишкен. Арак ичип жатканда атасы экөө кайра уруша кеткен.

Ошол учурда атасы сарайга чыгып кетип, ал аркасынан жөнөгөн. Өгөй атасы балта көтөрүп келип, «мен силерди жок кылам» деп аны башка жана сол бутуна урган.  Ошол жерден экөө мушташа кетип, ал балтаны алып, кайра өзүн урган. Андан соң үйгө кирип, жатып алган. Атасы ошол жерде жатып калган. Болжол менен түнкү саат 02:00до ойгонуп, эшикке чыкканда, өгөй атасы жерде жансыз жатканын көргөн. Ал аны тургузганга аракет кылып, денесин кармаса муздап калган. Ошондо өгөй атасы өлгөнүн билген. Ал кошунасына барып, болгон ишти айтып берген. Андан кийин райондук милицияга өз калоосу менен барган.

Ал эми айыпталуучунун К.Э. аттуу кошунасынын райондук соттогу көрсөтмөсү боюнча, ага болжол менен саат 03:20да К.С. уулу келип, «Аламүдүн райондук милициясына жеткирип койчу, мен атамды өлтүрүп алдым» деп айткан. Бирок ал жеткирбей турганын билдирген. Анда К.С. уулу 100 сом сураган. Ал сураган акчаны берген. Андан кийин ал А. Э. аттуу адамга телефон чалып, экөө кошунасынын үйүнө барып, кан болуп жаткан жансыз денени көрүшкөн. Алар 102 кызматына милицияга кабар беришкен.

Ал эми А.Э. аттуу жарандын айтуусу боюнча, ага болжол менен саат 04:00до Э. аттуу жаран чалып, жолугуу керектигин айткан. Экөө жолукканда, окуя тууралуу айтып берген. Андан кийин алар К.С. уулунун үйүнө барып, короодо жансыз дене жатканын көрүшкөн. Ал Э.ден К.С. уулу каякка кеткенин сураганда,  шаарды көздөй кеткенин айткан. Экөө милицияга менен тез жардам кызматына кабар берип, К.С. уулун издегени кетишкен. Аны А. айылынан К.Т. айылына бара жаткан жеринен табышкан. К.С. уулун үйүнө алып келген кезде, окуя жерине милиция менен тез жардам кызматы келип калган. Ошол жерден алар К.С. уулун милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: өкүм сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>