Кыргызстандын 300 жараны Окинава аралында иштеп жатат

Кыргызстандын 300 жараны Окинава аралында иштеп жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Жапониянын “Yume Hashi Co LTD” компаниясынын башкы директору Курихара Масахиро менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Yume Hashi Co LTD” компаниясы “Хитачи Ко. ЛТД”, “Токью” жана “Тайнакагуми Ко, ЛТД” корпорацияларынын агенттик өкүлү болуп саналат.

Андан сырткары “Юмехаши” компаниясы чет элдик жарандарды Япония мамлекетине жумушка жайгаштыруу жаатында да кызмат көрсөтөт.

Учурда Кыргызстандын 300дөн ашуун жарандары Японияда жумуш менен камсыздалган, алар Окинава префектурасына жайгаштырылган. Компаниянын генералдык директору кызматында Курихара Масахиро иштеп жатат.

Жолугушууда Кыргызстанда актуалдуу деп эсептелип жаткан автоунаалардын көптүгүнөн жол тыгын маселесин, түтүн көйгөйлөрүн чечүүдөгү ой-пикирлер айтылып, борбор калаабызга монорельс куруу боюнча маалымат алмашуу болуп өттү.

Ошондой эле ири шаарларда электричкаларды пайдаланып көрүү, электромобиль автотранспорттор үчүн атайын заманбап электрозаправкаларды куруу сунуштар боюнча маалымат алмашуу жүрдү.

Ошону менен бирге мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен өз ара тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө маалымат алмашуу болуп, өз ара өлкөлөр аралык волонтердук иштерди колго алуу, Жапониянын ийгиликтүү тажрыйбаларын Кыргызстандын мектепке чейинки билим берүү системасына жайылтуу темаларында пикир алмашуу жүрдү.

Андан сырткары аталган комания аркылуу кыргызстандыктарды жана студенттерди Жапонияда ар түрдүү тармактарда стажировкадан өткөрүү, иш менен камсыздоо жаатындагы иштерди талкуулап, мындан аркы кызматташууга ийгиликтерди каалашты.

Буга чейин Relationship CO., Ltd компаниясы менен кыргызстандыктарды Окинава аралындагы туристтик жайларда тейлөө тармагына жумушка орноштурууга макулдашуу болгону маалымдалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>